Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен 6-жолу митинг өтүүдө
Бүгүн, 7-июнда өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен 6-жолу митинг өтүп жатат. Анда чыккан талаптар эч бир сөз сүйлөбөй, колдоруна плакаттарды кармап чыгууну туура табышкан.
"Орхан Инанды табылсын" деген акциябыз уланып жатат. Бүгүн митингге чыккандардын эч бири сүйлөбөйт. Тек гана плакаттар менен чыгып, өз позициябызды билдиребиз. Орхан Инанды табыларына абдан ишенип турабыз", - деди митингди уюштуруучуларынын бири.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.
2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Ал арада 3 күндөн бери Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратынын, андан соң өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.


