Депутат Мадеминов Эсептөө палатасынын инспекторлорун ротациялоо сунушун берди
Депутат Мурадыл Мадеминов Эсептөө палатасынын инспекторлорун ротациялоо сунушун берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгү каралды.
Жыйында баяндама жасаган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмаз Акматов 2020-жылы 90 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Депутат Айбек Алтынбеков Эсептөө палатасынын өкүлдөрү текшерип келгенде дотациялык айыл өкмөттөр 2000 долларды, өзүн-өзү камсыздаган айыл өкмөттөр 5000 долларды сөзсүз түрдө берерин мисал кылды. “Муну баары билет. Тиешелүү органдарга да кайрылышкан. Бирок жыйынтык жок. Андыктан паракорчулук менен күрөшө турган силердин мекемеде коррупция токтобой жатса, кандай болот? Алгылыктуу кадам жасап айлык маянаңарды көтөрүп, таза иштөөгө аракет кылгыла”, – деди.
Ушундай эле пикирге токтолгон Мурадыл Мадеминов инспекторлорду ротациялап, өздөрү иштеген аймактан башка аймактарды текшертип көрүү сунушун берди.
Талкуудан соң Эсептөө палатасынын отчёту жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.


