super.kg logo

Улукбек Марипов 1-июлга чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү маркалоону ишке киргизүүнү тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык башкарууну жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы пландарын жана милдеттерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматы "СМАРТ Салым" долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы тейлөө кызматтарын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ишти приоритет катары алып баруу зарыл экендигин белгиледи.

"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бизнес өкүлдөрү менен документтин долбоорун коомдук талкуулоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда бизнес өкүлдөрүнүн пикири максималдуу эске алынууга тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө ушул жылдын 1-июлуна чейин киргизилүүгө тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ушул маселени кароодо Улукбек Марипов экономикалык субъекттердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, эгер алар аткарылбаса жетекчилердин жоопкерчилиги караларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: