super.kg logo

Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды

 

Бүгүн, 7-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Анда Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык, Ниязов 2021-жылдын 10-августуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагында болот.

Эскерте кетсек, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган.

Ага карата Жазык кодексинин 264-берене - "массалык баш аламындыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: