super.kg logo

Азамат Болгонбаев имараты жок Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды

 
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Азамат Болгонбаевге байланышканыбызда маалыматты тастыктап, бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылганын айтып өттү.
"Өлкөдө имараты жок бир гана Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры болуп саналат. Кудай буюрса, имарат менен камсыз кылыш керек. Башка чыгармачылык иштерди алдыга сүрөгөнгө аракет кылабыз", - деп билдирди Болгонбаев.
Ошондой эле театрдын мурдагы жетекчиси Орозбек Айдаров театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалганын кошумчалап өттү.
Өмүр баяны:
* Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган;
* 1990-2000-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте окуган;
* 2000-жылы Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын Оркестр жана хор дирижёрлугу факультетинин акын жана дастанчылык өнөрү боюнча сабакты Замирбек Үсөнбаевдин классынан алган;
* Азамат Болгонбаев чоң айтышка алгачкы жолу 2001-жылы 17 жаш курагында чыгып элдин ак батасына арзыган.
* Бир нече жолку Республикалык жана Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээси:
* 2016-жыл Алматы шаарынын 1000 жылдыгына арналган эл аралык айтыш 3-орун;
* 2016-жыл II Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун алкагында өткөн Х Эл аралык айтыш Баш байге;

* 2019-жыл Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына, Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык айтыш 2-орун.

* КТРК Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана мурдагы төрагасы;
* "Устат" Академиясынын негиздөөчүсү;
* Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун мурдагы теңтөрагасы;
* Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси;
* Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
* Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын "Кыргыз Тили" төш белгисинин ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: