Кыргыз өлкөсү жана Түштүк Корея билим берүү жаатында кызматташууну улантат
Бүгүн, 7-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Инха университетинин Корея билим берүү борборунун жетекчиси Ким Чжун Хо баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ким Чжун Хо университетте учурда Кыргыз өлкөсүнөн 30га жакын студент билим алып жатканын, жаңы окуу жылында дагы 15 студент келерин белгиледи.
Тараптар Инха университетинде кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү, анын ичинде инженерия жана IT жаатындагы студенттерди тартуу, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын Салымбеков университети менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерине токтолушту.
Элчи Кемелова Кыргыз өлкөсүнүн медициналык мекемелерине, ЖОЖдоруна, ошондой эле мектептерге COVID-19га каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.


