Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен барат
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапарынын алкагында, Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагында, өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Кыргыз өлкөсү менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.
Расмий иш сапардын алкагында, президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы бизнес-форумга да катышат.
Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.






1 |