УКМК: "Чүйдө баасы 13 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн жер аянты мамлекеттин эсебине кайтарылды"
Чүйдө баасы 13 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн жер аянты мамлекеттин эсебине кайтарылды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматкерлердин арасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө баасы 13 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Такталгандай, 2012-жылдын август айында Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынан жалпы аянты 1,7 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты социалдык объектини курууга колдонула турганы документтештирилген. Жыйынтыгында, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери жер тилкесинин баштапкы документтерин атайылап жасалма жол менен түзүп, анын аянтын жасалма түрдө көбөйтүп, жеке адамдарга мыйзамсыз берген жана жер бөлүп берген.
Жогорудагы адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, 4 кызмат адамы жоопко тартылып, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын 10 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган. Аталган жарандардын атайылап жасаган кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 13 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген. 2-июнда көрсөтүлгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар сотко жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.




1 |