Кайрат Осмоналиев: "Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөнөтүнүн аякташына 2-3 апта калды"
Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлиги каралып, жактырылды.
Анда депутат Мамасадык Бакиров Осмоналиевден "Сиз Борбордук шайлоо комиссиясында иштеп жатасыз да?" деп сурады.
Кайрат Осмоналиев: "Ооба, мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүмүн. Борбордук шайлоо комиссиясы 5 жылга шайланат. 23-июнда 2016-жылы шайланганбыз. БШКнын мөөнөтүнүн аякташына 2-3 апта калды", - деди.
Депутат: "Парламенттик шайлоо быйыл болбой калышы мүмкүн деген пикириңизди айттыңыз. Кайсы далилдөөлөрдүн негизинде бул ой-пикирди айттыңыз?", - деп сурады.
Осмоналиев бул анын жеке пикири боюнча айтылганын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.