super.kg logo

Кореянын окуу жайларында билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн көбүрөөк орун бөлүү каралууда

 

Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн көбүрөөк орун бөлүү каралууда. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай сүйлөшүү Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Инха университетинин Корея билим берүү борборунун директору Ким Чжун Хо баштаган делегация менен жолугушуусунда каралды.

Учурда Инха университетинде 30га жакын кыргыз студенти билим алышат. Ушул жылдын сентябрь айында дагы 15 кишинин келиши пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инха университетинде кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү, анын ичинде инженерия жана IT жаатындагы билим алууну каалаган студенттерди көбөйтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерге токтолушту.

Сүйлөшүү учурунда элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине, ЖОЖдоруна, ошондой эле мектептерге COVID-19га каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Маалымат үчүн: Инха университетине жыл сайын 15-30дан Кыргыз жарандары келип окушат. Эгерде сиз окууга кызыкдар болсоңуз, анда төмөнкү байланыш номерлерине жана электрондук даректерине кайрылыңыз sadyrov1588@naver.com, interservice@inha.ac.kr, +82328607037.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: