super.kg logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

 

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялык кызмат орундарына (8 талапкер), ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондук сотторунун бирден бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоого бардык 10 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жиберилди.

– Ош облусу

Ош облустук сотуна:

  • Атаев Замирбек Исмаилович;
  • Жунусов Заурбек Турдубаевич.

– Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облустук сотуна:

  • Калыков Бакыт Усенканович;
  • Султанканов Бактыбек Султанканович.

– Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облустук сотуна:

  • Кудабаева Гүлбара Ишенова.

– Нарын облусу

Нарын облустук сотуна:

  • Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна.

– Бишкек шаары

Бишкек шаардык сотуна:

  • Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;
  • Өмүралиева Анара Медербековна.

Ленин райондук сотуна:

  • Кайыпов Самат Таштанович.

Свердлов райондук сотуна:

  • Назирдинова Чолпон Жыргалбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: