super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитети Орхан Инандыны издөө боюнча ишти жетишсиз деп баалады

 

Жогорку Кеңештин комитети Орхан Инандыны издөө боюнча ишти жетишсиз деп баалады. Кечээ, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде Инандынын жоголуу фактысы боюнча маалымат угулду. Бул боюнча маалыматты Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги берди.

Комитет Тышкы иштер министрлигине Түркиянын басма сөзүнө чыгып жаткан маалыматтарга жооп берүүнү, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына Орхан Инандыны издөөгө күчөтүлгөн режимде көмөктөшүүнү тапшырды.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Феточулар канчалык куч алган Кыргызстанда кордунорбу президент баш болуп парламент тош болуп канча кундон бери издейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: