Депутат кийинки жылы Улуттук банктын отчётуна насыя алып төлөй албай калгандардын санын жазууну сунуштады
Депутат Мурадыл Мадеминов кийинки жылы Улуттук банктын отчётуна насыя алып төлөй албай калгандардын санын жазууну сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Комитетте Улуттук банктын төрагасынын отчёту каралды.
Депутат Мурадыл Мадеминов: “Насыясын төлөй албай калгандар тууралуу анализдик маалыматтар барбы? Аларга карата Улуттук банк кандай жардам бере алат?" - деп сурады.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өзүнчө тизмеленген так маалымат жок экенин билдирди. “Бизге 2020-жылы 2030 кайрылуу түшкөн”, – деди ал.
Мурадыл Мадеминов кийинки жылдын отчётуна ушул жааттагы маалыматтарды да камтый кетүүнү сунуштады.
Талкуу соңунда Улуттук банктын төрагасынын отчёту канааттандырарлык деп кабыл алынды.


