Чоң-Алайга бара жатып кырсыктаган тик учак. Жабыркагандардын бүгүнкүгө карата абалы айтылды
Ош облусунун Чоң-Алай районуна бара жатып кырсыктаган тик учактан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жабыркагандар дарыланып жатышат. Абалдары канааттандырарлык.
"Бизде 8 бейтап бар. Баарынын абалы канааттандырарлык. Калгандары Аскер госпиталында дарыланууда", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.
Маалымат үчүн:
4-июнда Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин МИ-8 МТ тик учагы авариялык конуу жасаганы айтылган. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнөн тик учак аргасыз конгондугун белгилеп, анда 10дой адам болгонун кабарлаган.
Ошондой эле тик учактан жалпы 14 адам жабыркаганы айтылган.


