super.kg logo

Прокуратура: "Чүйдө баасы 23 миллион сомдон ашык социалдык объект Шопоков мэриясына өттү"

 

Чүй облустук прокуратурасы жалпы баасы 23 миллион 728 миң сом болгон маданият үйү менен стадионду Сокулуктагы Шопоков шаарынын мэриясынын балансына өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аракет облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишке ашкан.

“Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда Шопоков шаардык мэриясы тарабынан өкмөттүн "Объектилерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында Шопоков мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Анын жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: