super.kg logo

УКМК: "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду"

 

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн туруктуу каналдарды түзүшкөн адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (Кылмышка кошо катышуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Талас облусунун Манас районунун К.Б, Д.Р. жана М.А. аттуу 3 жергиликтүү тургуну кармалышты.

Маалымат боюнча, аталган тургундар чек араны контролдоо пунктунан тышкары жерден Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын кесилишинен жарандардан акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: