super.kg logo

"Рахман досумдун кылган эмгегин эл билет". Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

 

Бүгүн, 8-июнда Ош облусунда куудул, сатирик Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Анда кесиптеши Күмөндөр Абылов Рахман Разыковдун эмгеги калаа артистери, көчө артистери деп өкмөт тарабынан гана толук бааланбай калды деп сөз сүйлөдү.

"Эзелтен бери адамдын туулуп анан кайра кайтышы болот экен. Баарыбыз билет экенбиз. Менин таң калганым канча кишиден айрылдык, ошентсе дагы ар бир кишиден айрылганда биринчи эле адам баласы о дүйнөгө кетип жаткандай таң калат экенбиз. Теория боюнча өтүп кетерин билебиз, бирок практика жүзүндө өзүңдүн атаңды, энеңди, досуңду өтүп кетет деп ойлобойт экенбиз. Биз ошон үчүн бири-бирибизди тирүүчүлүктө сыйлабайт экенбиз. Канчалаган адамдарды биз өлгөндөн кийин гана мактайбыз. Фейсбукка бирөө жазыптыр, мына бүгүндөн баштап Рахман Разыковду мактай берсеңер болот деп. Анын сыңарындай бүгүнтөн баштап мактай баштайбыз. Рахман досумдун кылган эмгегин эл билет. Калаа артистери, көчө артистери деп өкмөт тарабынан гана толук бааланбай калды", - деди ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, куудул кечээ, 7-июнь эртең менен Ош шаарындагы ооруканада каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: