Адахан Мадумаров: "Рахман Разыков коомдогу терс көрүнүштөрдү айтып, жазып келген"
Бүгүн, 8-июнда куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди.
Коштошуу зыйнатында саясатчы Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.
"Чындыгында кыргыз сатирасынын, кыргыз маданиятынын бир бурчу оюлуп, орду толгус деп айтсак болот. Себеби сатира жаатындагы соңку 30 жылдан бери калемин колдон түшүрбөй, шибеге сыяктуу сайып коомдогу терс көрүнүштөрдү айтып, жазып келген. Көптөгөн белгилүү куудулдардын сахнада аткарып жаткан чыгармаларынын дээрлик 90 пайызы Рахман аганын калемине таандык", - деди ал.
Белгилей кетсек, куудул кечээ, 7-июнь күнү эртең менен Ош шаарындагы ооруканада каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.