super.kg logo

Таласта милиция кызматкерлери уруп-сабоого жана кыйноого айыпталууда

 

Талас РИИБинин кызматкерлери уруп-сабоого жана кыйноого айыпталууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-майда аталган институттун Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Талас РИИБинин убактылуу кармоочу жайында мониторинг жүргүзүп жаткан учурда Э.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылды.

Арыз жазган жарандын айтымында, 27-апрелде саат 20:30да көчмө циркти көрүүгө бара жатканда аны милициянын эки кызматкери кармап алып, "Ичип алдың беле?" деп сурашкан. Терс жооп алган Анарбек аттуу укук коргоо органынын өкүлү Э.Н. негизсиз сабай баштаган. Андан кийин наркологиялык клиникага алып баратып, клиникага жетпей жолдон коё берип жиберишкен. Бирок уюлдук телефонун алып калып, "Тергөө органдарынан аласың" дешкен.
28-апрелде жабырлануучу Э.Н. Талас ОИИБинин башчысына, ошондой эле Талас облустук прокуратурасына милициянын эки кызматкеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча арыз менен кайрылган. 29-апрелде саат 10:00дө 102ге чалып, уюлдук телефонун өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган. Ушундан кийин Канимет аттуу милиция кызматкери менен жолуккан. Ал арыз ээсин дагы сабаган. Каршылык көрсөтүү иретинде Э.Н. колун устара менен кесип салган. Арыз ээси милиция кызматкерлери аны себепсиз сабап, жалган жалаа менен кармоо менен ыйгарым укуктарынан аша чапты деп эсептейт. Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлдөрүнөн окуяны териштирип, жогоруда аталган милиция кызматкерлерине чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Бул кайрылуудан кийин Акыйкатчынын Талас облусу боюнча башкармалыгы арыздануучунун жүйөлөрүн карап чыгуу өтүнүчү менен облустук прокуратурага суроо-талап жөнөттү. 18-майда Талас шаардык прокуратурасынан жооп келип, анда Э.Н.нын арызы кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, өкүлчүлүктүн кайрылуусу дагы тиркелери айтылды. Талас облустук прокуратурасынан алынган жоопто, учурда жогоруда катталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү УКМКнын Талас облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын маалымдаган.
Бул иш Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан Адамдык сапатка ээ болот экенсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: