super.kg logo

Улукбек Марипов Татарстандын премьер-министринин орун басары менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келген Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү аракеттешүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашты.

"Татарстан менен өз ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санаасы жалпы саналат жана аларды чыңдообуз зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизерин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу 10дон ашуун келишимдерге кол коюлгандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстандын премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: