super.kg logo

Баткенди өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси болуп өттү

 

Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын концепциясы жана түзүмүнүн долбоору каралды.

Мекемелер аралык жумушчу топтун кеңешмесине Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, алар тараптан "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзам долбоорун алга жылдыруу алкагында бир катар сунуштар киргизилди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына кыска мөөнөттө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ишти улантууга зарыл болгон маалыматты киргизүүсү тапшырылды.

Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси Баткен облусунун аймагында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: