super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматы: "Жумгал районунда 4 күн кызмат көрсөтүү болбойт"

 

Нарын облусунун Жумгал районунда 8-9-10-11-июнь күндөрү электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымат таратты.

Жарыктын өчүрүлүүсүнө байланыштуу мекеме жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасады.

"Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүндө жана "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Нарын региондук бөлүмүнүн Жумгал секторунда калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, транспорт каражаттарын каттоо, курсанттарды тестирлөө мамлекеттик кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбойт.

Ошондой эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдүн жана сектордун кызматкерлери жумуш графигине ылайык жумуш орундарында болушат жана жарандарга документтештирүү маселелери боюнча консультация беришет.

Ал эми мурда кабыл алынган табыштамалар боюнча паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр графикке ылайык берилет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: