super.kg logo

Тышкы иштер министринин орун басары Индиянын Кыргыздагы элчисин кабыл алды. Эмнелерди талкуулашты?

 

Бүгүн, 8-июнда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Индиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.Димрини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында сүйлөшүштү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Индия кызматташтыгы чѳйрѳсүндѳгү бир топ маселелерди, анын ичинде 2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз өлкөсүнүн жана Индиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде ѳтүүчү 11-чи Кыргыз-Индия Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларын видеоконференция форматында өткөрүүнү талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо жана кеңейтүүдѳ маанилүү инструмент болуп саналуучу өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын ушул жылы Кыргыз өлкөсүндө өткөрүү маселесине дагы көңүл бурушту.

Индиянын элчиси А.Димри Айбек Артыкбаевге жаңы кызматында ийгиликтерди каалоо менен Кыргыз-Индия мамилелерин кеңейтүүгө көмөктөшүү ниетинде ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
08.06.2021. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз өлкөсүндөгү же Кыргызстандагы элчилигин десенер туура болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: