Оңдоло турган унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт, оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1900 метр. Көчөгө жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар курулат.
Жукеев Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо планда бар. Жолдун башка тилкелериндеги оңдоо иштери 10 күндүн ичинде башталат.
Жолду оңдоо иштери "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытайдан келген гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунаа менен жолго чыгаарда маршрутту алдын ала тандап алууну суранат. Жол жүрүү үчүн альтернативдүү көчөлөр - Алма-Ата, Карл Маркс, Абдрахманов жана Панфилов көчөлөрү.