Бишкек шаардык мэриясынанбыз деп акча чогулткан шылуундар пайда болду
Социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу Бишкек мэриясынанбыз деп акча каражатын чогултуу аракети жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришип, жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калбоого чакырды.
"Урматтуу жарандар! Бизге шаар тургундарынан шаардагы социалдык тармактардагы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине мессенжерлерден Бишкек мэриясынын жетекчилериненбиз деп ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын которуу (жабдууларды сатып алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана башка ушул сыяктуу) боюнча билдирүүлөр келип жатат деген сигнал келип түштү.
Бишкек шаарынын мэриясы эч качан акча чогултуу менен алектенбейт. Шаардык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде так иштешет. Шаардык муниципалитеттин кызматкерлеринин бири дагы мындай жеке билдирүүлөрдү жазбайт.
Сак болгула! Расмий булактардагы маалыматты текшериңиз! Алдамчылык фактысы аныкталса, тез арада укук коргоочуларга кайрылыңыз: 102 номерине же 610775 - Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү секторунун номерине байланышсаңыз болот", - деп жазылат маалыматта.

