Өлкөдө сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсе өстү
Кыргыз өлкөсүндө сүт жана сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 2 эсе өстү. Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашкандай, 2020-жылы 2016-жылга салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөрүнүн жалпы көлөмү 2 эсеге көбөйгөн. Муну менен дээрлик 35 миң тоннадай азык экспорттолуп, жалпы суммасы 46 миллион долларды түзгөн.
Бүгүнкү күндө сырткы рынокко ак май (товардык көлөмдүн 37 пайызы), сыр жана быштак (21 пайыз), сүт жана суюк, кургак каймак (17 пайыз), ошондой эле сүт жана суюк каймак (13 пайыз) кычкыл сүт азыктары (болжол менен 11 пайыз) жөнөтүлүүдө.
Сүт азыктары Казакстанга көбүрөөк экспорттолуп, коңшу өлкөгө 2020-жылы 24 миллион 100 долларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүндө 52 пайыздан ашыгын түзөт. Орусияга 21 миллион долларга (46 пайызга жакын), Өзбекстанга 705 миң долларга жана Тажикстанга 217 миң долларга азык экспорттолду.
Кыргыз Республикасынын сүт жана сүт азыктарынын экспорту
Жылдар |
Бардыгы |
алардын ичинен негизги өнөктөш-өлкөлөр боюнча |
|||
Казакстан |
Орусия |
Өзбекстан |
Тажикстан |
||
Миң доллар |
|||||
2016 |
22 610,2 |
10 862,5 |
11 717,5 |
- |
29,4 |
2017 |
33 971,1 |
20 922,6 |
12 965,5 |
0,2 |
78,0 |
2018 |
31 663,4 |
15 875,5 |
14 889,9 |
596,8 |
286,0 |
2019 |
45 404,1 |
16 057,0 |
28 889,7 |
298,5 |
143,6 |
2020 |
46 086,7 |
24 084,0 |
21 043,4 |
704,5 |
217,1 |
Өткөн жылга карата пайыз менен |
|||||
2016 |
83,2 |
46,4 |
- |
- |
2,0 |
2017 |
150,2 |
192,6 |
110,7 |
- |
265,3 |
2018 |
93,2 |
75,9 |
114,8 |
- |
366,7 |
2019 |
143,4 |
101,1 |
194,0 |
50,0 |
50,2 |
2020 |
101,5 |
150,0 |
72,8 |
236,0 |
151,2 |

