Былтыр темир жол аркылуу 7 миллион 306 миң тонна жүк ташылган
Былтыр темир жол аркылуу 7 миллион 306 миң тонна жүк ташылган. Бул тууралуу кечээ, 9-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Адылбек Адранов билдирди.
Анын айтымында, ишкананын баланстык кирешеси 2020-жылы 1 миллиард 112 миллион сомду түзгөн. Киреше мурунку жылга салыштырмалуу 653 миллион сомго көп болгон. Натыйжада темир жол республикалык бюджетке 322 миллион сомдон ашуун каражат чегерген.
Ал таза кирешенин 50 пайызын мамлекеттик бюджетке төлөөдөн бошотуу маселесин көтөрүүдө. Улуттук компания кыймылдуу курамды жаңыртуу, тактап айтканда 2 маневрдик локоматив, 50 жүк ташуучу ачык вагон сатып алууну, темир жолдун жогорку структурасын модернизациялоону, Балыкчы-Кочкор, Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну стратегиялык планында көрсөтүүдө.

