"518ге каршы аныкталбаган этиологиядагы энтериттердин катталган 723 учуру 2020-жылдын ушул мезгилине карата (34,2 пайызга өскөн). Курч дизентерия менен оору 40 пайызга өстү. Көпчүлүк учурда эки жашка чейинки балдар оорушат, бул балдарды багууда ата-энелер тарабынан өздүк гигиенанын сакталбагандыгына, ошондой эле сапатсыз жана туура сакталбаган тамак-аш азыктарын пайдаланууга байланыштуу болот.

Оорунун өсүшү көбүнчө шаардын турак-жай конуштарында катталат. Буга турак жайларды ичүүчү суу менен камсыздоонун жетишсиздиги, суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашы, айрыкча күндүз, крандагы сууну үй чарбаларын жана үй тиричилик жана сугат сугарууга пайдалангандыктан.

Ошондой эле акыркы жумада Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына курч ичеги-карын инфекциясы белгилери менен кайрылууларынын өсүшү байкалууда", - деп жазылат маалыматта.