Салык кызматы 5 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн айып салды
Контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 5 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 175 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир катар май куюучу жайлар сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн-режиминде салык кызматына беришпегендиги аныкталган.
"Май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш, ошондой эле бул маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл.
Май куюучу жайларда жеке ишкерге мунайзаттарды сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12,5 миң сом, юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Салык кызматы күйүүчү май рыногунда эмгектенген ишкер субъектилерди ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талап кылынган ченемдерге ылайык келтирүүгө чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.

