super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жашаганыма 7 жыл болсо да күйөөмө көнө албай койдум..."

 

SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчасына окурманыбыз кат жазып кеңеш сураган.

Автордон: "Салам SUPER.KG. Сиздердин окурмандардан кеңеш сурайын дегем.

Өзүм үй-бүлөдө жалгыз кызмын, ата-энем эрте эле каза болуп калган. Ата-энемдин жоктугуна карабастан таежем менен таекем эч нерседен кем кылбай карашты. Күндөрдүн биринде таекем катуу ооруп калды, атамдын көзү өткөнү менен өз кызындай тарбия берген таекемди мындай абалда көрүү мен үчүн оор болду. Бой жетип калгандыктан куда түшүп, колумду сурап келгендердин саны да көбөйдү. Көп ойлонбой алардын бирөөсүн тандап турмушка чыгып кеттим. Жакшы оюмда өзүнүн балдары кичинекей болгон таекем менин жакшылыгыма күбө болуп калсын деп ойлондум. 6 айдан кийин таекем да каза болуп калды. Турмушка чыгып жаткан маалда келечектеги күйөөмө эч кандай сезимдерим жок болчу. Бардыгы никеден кийин башталса керек деп ойлогон элем. Бирок андай болгон жок...

Бирге түтүн булатып жатканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Үй-бүлөбүз менен Орусияда турабыз. Кайнатам, кайненем аябай жакшы кишилер, ортобузда 2 уулубуз бар. Бирок бул жылдар аралыгында жолдошума эч көнө албай койдум. Анын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы жинимди келтирет. Кээде билгизбейм, кээде айтып капа кылып алам. Ажырашайын десем эки балам менен каякка барам деп ойлоном. Анан да көңүлүмдү карап, көзүмдүн кареги менен тең айланган күйөөмө боорум ооруйт. Бирок канча аракет кылсам да эч көңүлүм болбой жатат. Төшөккө чакырганда да ар шылтоону айтып качам, ал капа болот. Кандай кылсам болот? Мага кеңеш бериңиздер..."






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
09.06.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оюн башканын кучагында болсо эмнеге конмок элен.Ойду туздош керек,ар нерсени ойлонбой и мечтать этпей
09.06.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыссып жашагын!!!!!
09.06.2021. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кысыып жашаш керек
09.06.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай көнө албайсын, эмне башка эркекти көрүп калган окшойсун, өзүң нито, чето. Күйөө деген ушундай экен деп бокту билбей жашайсын го. Кимге салыштырып көнө албай жатасын, өзүндө бар, өзүндү оңдо кеч болуп кала электе.
09.06.2021. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч болуп кала электе оңдо өзүңдү, турмуш сага оюнчук эмес, мындан артык жыргал жашоо жок сага, балдарың,эриң, кайын журтуң бар экен бир сонун.
10.06.2021. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашып артык эр табам дейсинби не адашасын аттин дейсин кийин
20.11.2022. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртерээк ойлон !суйуп Даша,суйулгонго не жетсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: