Бишкек ШИИББи Орхан Инандынын унаасында тартылып калган акыркы кадрлар боюнча түшүндүрмө берди
Орхан Инандынын жоголор алдында унаасындагы видео байкоого тартылып калган кадрлар топтолуп жаткан материалга мурда эле киргизилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кадрлар Инанды жоголгон күнү 1-июнда алынып, иштин материалдарына тиркелген.
"Сапат" мекемесинин өкүлүнүн айтымында, жактоочу издөөдөгү жарандын жакындарынын уруксатысыз эле аталган маалыматты ЖМКга жарыялап жиберген. Кээ бир жарандарды алынган маалыматтарды жеке кызыкчылык, өзүн пиарлоо үчүн колдонбоого чакырабыз. Мындай аракеттер тергөөгө терс таасир этип, кылмышкерге көбүрөөк маалымат жетишине мүмкүнчүлүк бериши ыктымал", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Милициядан иликтөөнүн алкагында бардык версиялар текшерилип, далил зат катары болжолдонгондун баары экспертизага жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин жактоочу Таалайкүл Токтакунова Инанды дайынсыз болгонго чейин унаасындагы видео байкоого тартылып калган акыркы кадрларды жарыялаган. Ал бул жазууларды тергөөчү текшербегенин айтып, тергөөчүгө өткөрүп бергенин билдирген.

