super.kg logo

Бишкекке кеткен. Чүйдө 18 жаштагы жигит бир айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө

 

Чүйдүн Панфилов районунда 18 жаштагы Миржан Русланбек уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 3-май күнү үйүнөн Бишкек шаарына кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

"Бою 170-175 сантиметр, арык чырай, көзү-кашы кара. Үйдөн чыгып жатканда үстүндө кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым бутунда кара спорттук бут кийим кийип жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Милиция сүрөттөгү жигитти көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0(312) 60-79-89, 0(707) 18-11-87, 0(702) 31-75-22.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: