super.kg logo

Улукбек Марипов жаңыдан дайындалган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын бир катар өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларынын жаңыдан дайындалган башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттин кызыкчылыгын чет жерде коргоо – бул абдан жооптуу жана жогорку миссия. Сиздерден жана сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү жана чыңдалышы көз каранды. Сиздер алдыга коюлган милдеттерди мыкты аткарасыздар деп ишенем, анткени ар бириңиздердин мамлекеттик жана дипломатиялык кызматта чоң иш тажрыйбаңыздар бар", - деди ал.

Элчилер менен жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, өз ишинде саясий жана ишкер чөйрө менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү түзүү менен катар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасоо зарыл.

"Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана кыргыз экономикасына инвестициялоого умтулган инвесторлорду колдоого алууга даяр. Энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм жаатындагы долбоорлор биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүлдү чет элдеги мекендештерибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоого буруу керек. Сиздер жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз аракеттешип, мекендештерибиздин жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө колдон келген көмөгүңүздөрдү беришиңиздер тийиш. Бул сиздердин ишиңиздердин маанилүү бөлүгү болуп саналат", - деди Улукбек Марипов.

Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:

  • Алмазбек Бейшеналиев Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Швейцария Конфедерациясы;
  • Таалай Базарбаев Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: