Бишкекте жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө





"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы Орто-Сай от казанын жылытуу мезгилине даярдап жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер жылытуу насосторун, электр кыймылдаткычтарын, клапандарды жана казан приборлорун оңдоп жатышат.
"От казан "Совмин" кичи районундагы 890 адамды жана "Арген" балдар бакчасын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.
"Бишкекжылуулукэнерго" КИ 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Анын ичинде 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр бар. Ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичи районун, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Министрлер кеңешинин турак жай массивин тейлейт", - деп айтылат маалыматта.

