Саясий серепчи Марат Казакпаев абакта психологиялык кысым жасалып жатканын айтты
УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев ага психологиялык жактан кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган институттун кызматкерлери 31-май күнү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан Казакпаевге барып келишкен. Шектүү кан басымы көтөрүлүп, бөйрөк кемтиги менен жабыркап жатканын айткан.
"Казакпаев ушул күнгө чейин анын ишин карап жаткан тергөөчүнүн аты-жөнүн билбей тургандагын белгиледи. Ошол эле учурда ага УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык басым жасалып, жактоочу Икрамидин Айткуловдун кызматын колдонуудан баш тартуу менен тергөөчү сунуштаган юрист менен иштешүү таңууланып жатканын айтты. Эгер буга макул болбой турган болсо №1 тергөө абагына которуп, ага кысым көрсөтө турган кылмышкерлер менен бир камерага отургузуп коюшарын айтышканын билдирди", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.
Казакпаев мамлекеттик кызматкер болбогондуктан сырдуу документтерге ээ боло албай турганын белгилеген. Бирок буга карабастан УКМКнын кызматкерлери башка мамлекеттик кызматкерге карата көрсөтмө берүүнү талап кылып жатканын айткан.



1 |