Орусияда полиция кызматкерлери уурдап кеткендиги айтылган Кыргыз жараны бошотулду

"2-июнда болжол менен саат 10.00дө элчиликтин консулдук бөлүмүнө 1988-жылы туулган Кыргыз жараны М.А. кайрылган. Ал Москванын Хамовники районунун ички штер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жана токмоктолгондугу жөнүндө маалымдаган.
Айтылган кабар боюнча полиция кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, Кыргыз жараны анти-террор полициялык иш-чарасынын жүрүшүндө кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду. Кыргыз жаранына карата Орусиянын административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 19.15.1-беренесине ылайык токтом түзүлүп, кийин коё берилген.
Учурда М.А.га карата анын кармалуусу боюнча жагдайды аныктоо максатында Москванын Хамовники району боюнча полиция бөлүмүнө суроо-талап жиберилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.