super.kg logo

Асел Кадырбекова дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти

 

Ырчы Асел Кадырбекова дарылануу үчүн Түркияга жөнөп кетти. Ал Анталиядагы клиникалардын биринде дарылана турганы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Апам, кызым болуп Анталияга келдик. Мен бул жактагы клиникалардын биринде дарыланам", - деди ал.

Ырчы буга чейин Түркия мамлекетине барып, дарыланып кайткан.

Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылганына дээрлик бир жылга жакын убакыт өттү.

Окуянын чоо-жайы:

26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.06.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда деле жаш болсо да өтө күчтүү билимдүү врачтарыбыз бар.Өнүгө берели.
10.06.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muslima-0788,Врачтар болгон менен заманбап аппараттар жок болуп жатпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: