Бишкектин Масалиев көчөсү спорттук мелдешке байланыштуу убактылуу жабылат
Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү жарым-жартылай жабылат. Борбор калаанын мэриясынан кабарлашкандай, көчөнүн убактылуу жабылышы дуатлон боюнча мелдештерге байланыштуу.
Белгилүү болгондой, 13-июнда Бишкекте дуатлон боюнча мелдеш өтөт. Мелдеш шаардын түштүк тарабындагы “Ынтымак” сейил багында, Масалиев жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Иш-чара саат 07:00дөн 13:30га чейин уланат.
Дуатлон мелдештери салттуу түрдө триатлондун башталуу сезонун ачат, бирок COVID-19 пандемиясынан улам уюштуруу жай мезгилине жылдырылган. Мелдешке 200 адам, анын ичинде коңшу мамлекеттердин спортчулары катышат.
Дуатлон - бул триатлон дисциплинасынын бир түрү, спортчу 3 этапты токтобостон аткарышы керек.
"Урматтуу шаардыктар! Спорттук иш-чарага байланыштуу Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы тосулат, түштүк бөлүгү батыш багытында гана кыймылга ачык. Сураныч, маршрутуңузду убакытка жараша пландаштырыңыздар. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - дешет мэриядан.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.