Кой-Таш окуясында жабыркаган Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды
Бүгүн, 9-июнда коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту.
Марат Иманкулов Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи. Жолугушууда коопсуздук кеңешинин катчысы президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырды.
Эске салсак, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго "милициянын генерал-майору" жогорку атайын чини берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Asmat84

10.06.2021. 05:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу жигит
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.