SUPER.KG порталы #ЭмиСен аттуу сынак жарыялайт! Балаңыз креативдүү бийлесе, чамдаңыз!
SUPER.KG порталы 4-8 жашка чейинки кыздар, балдарга #ЭмиСен аттуу креативдүү онлайн бий сынагын жарыялайт.
Сынактын шарттары:
- Жашы: 4-8 жашка чейин;
- Видеонун убактысы: 4 мүнөткө чейин;
- Бийде өзгөчөлүктөр болушу керек;
- Видео сапаттуу тартылышы шарт;
- Видеону өзүңүздүн Инстаграм баракчаңызга жүктөп, @super.kg_officiall жана @sonku_kabar.kg баракчаларын белгилеп, #ЭмиСен, #superkgsynak хештектерин жазыңыз;
- Сынакка катышып жаткан баланын аты-жөнү, жашы, жашаган аймагы белгилениши керек;
- Конкурстук видеолорду 0779 47 39 39 номуруна (WhatsApp аркылуу же Telegram'дан) жөнөтүңүз.
Видеолорду жүктөө жана жогорудагы номерге жөнөтүү убактысы: 10-июндан 30-июнга чейин.
Сынак 2 тур менен өтөт:
1-тур: Жүктөлгөн жана портал көрсөткөн номерге келген видеолорду SUPER.KG порталынын жамааты карап, талаптарды толук аткаргандардын видеолорун тандап алат (30-июнда каралат).
2-тур: Тандалып алынган видеолор SUPER.KG порталынын Элдик видео бөлүмүнө жана @sonku_kabar.kg Инстаграм баракчасына жүктөлөт. @sonku_kabar.kg баракчасында 1-июлдан 5-июлга чейин "жакты" белгисин жана комментарий топтоо жүргүзүлөт. Жеңүүчүлөр ушул баракчада топтолгон "лайк" жана комментарийлердин жыйындысы аркылуу аныкталат.
ЖЫЙЫНТЫК: 10-ИЮЛДА ЧЫГАТ
Алдыңкы 3 орунду ээлегендер баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле "Хореографтын тандоосу" номинациясы дагы бар.
Эскертүү: Өлкөнүн кайсы бурчунда болсоңуз же чет өлкөдө жашап жатсаңыз да сынакка катышууга мүмкүнчүлүк бар. Шарттар толук аткарылбаса видео сынактан четтетилет.
кошулду




1 |