Айдоочулардын эсине! Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөө киргизилип турат
Бүгүн, 10-июнда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда атайылап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2021-жылдын 10-июнь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) атайылап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
Коопсуздукту сактоо максатында атайылап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда унаалардын бардык түрүнө саат 09:00дөн 15:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилип турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.