Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасын өткөрбөй койгон айдоочуларга айып салынды



Бишкекте айдоочулар "Тез жардам" кызматынын унаасына жол бошотуп бербей койгону үчүн ар бири айыпка жыгылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, инспекторлор "Маяк" аталышындагы рейдди саат 10:00дөн 12:00гө чейин жүргүзгөн. Айып пулдун жалпы суммасы 50 миң сомду түздү.
"Айып пул Эреже бузуу кодексинин 4-беренесинин 123-1-бөлүмүнө ылайык салынды. Ошондой эле айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Пандемия учурунда "Тез жардам" кызматынын унааларына жол бошотуп берүү маанилүү экендиги эскертилди", - деп билдиришти шаардык милициянын кайгуул кызматынан.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-июнда милициянын кайгуул кызматы рейд өткөрөрүн билдиришкен. Рейддин максаты - "Тез жардам" жана башка ыкчам кызматтар өңдүү атайын унаалардын жолдон тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо экендигин маалымдашкан.

