"Ашканада иштеп, балдарын жалгыз багып жүргөн". Элчилик Санкт-Петербургда үч баласын кароосуз калтырган кыргыз келиндин окуясын айтты

Ал эми окуя боюнча элчиликтин маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.
"1998-жылы туулган А.Ш.М. аттуу Кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарында жашы жете элек үч баласы (5, 3, 1 жаш) менен жашап, балдарды жалгыз багып келет. Ал Санкт-Петербург шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштейт. Балдары батирде өз алдынча калышкан.
Кошуналары жашы жете элек балдарды көрүп калышып, "Тез жардам" кызматын чакырып, укук коргоочуларга кабар беришкен. Жерине келген полиция кызматкерлери балдардын энесин таап, ата-энелердин жашы жете элек балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө протокол түзүп, коё беришкен. Учурда иш Екатерингофскинин камкорчулук жана камкордук муниципалдык бөлүмү тарабынан каралып жатат.
Балдардын бири №5 балдар шаардык клиникалык ооруканасында, экөө №3 балдар шаардык клиникалык ооруканасында медициналык жардам алып жатышат.
Балдар ооруканадан чыккандан кийин камкорчулук муниципалдык бөлүмү тарабынан жашы жете элек балдарды энесине өткөрүп берүү маселеси чечилет. Маселе чечилери менен жалгыз бой эне өлкөгө кайтууну пландаштырууда.
Элчиликтин канцеляриясы балдар ооруканадан чыгары менен ыкчам түрдө энеси менен мекенине кайтуусу үчүн зарыл болгон документтеринин баарын тез арада тариздеп берет. Ошондой эле Санкт-Петербургдун диаспора түзүмдөрү аркылуу аларга жардам берүү максатында каражат топтоо маселеси да каралат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

5 жаштагысы озу да бала бойдон 1жаштагысын кантип карайт туалетке барам деп айтпаса, иштен келгиче журогу жарылгыдай болуп келет экенда. Душманыма да каалабайм мындай жашоону.