Элчилик: "Орусияда административдик укук бузганы үчүн кармалган Кыргыз жараны 48 саатка камакка алынды"



Орусиянын Москва шаарында 33 жаштагы Махбурат Эмилбаева аттуу Кыргыз жараны укук коргоочулар тарабынан кармалып, кийинчерээк бошотулганы маалымдалган. Бүгүн, 10-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен Махбурат Эмилбаева административдик укук бузгандыгы, анын иши Москва райондук сотунда каралмай болгонун кабарлашты.
"Иштин чоо-жайын тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери райондук сотко келип, сүйлөшүүлөрдөн кийин сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу сот отуруму болгон жок. Хамовники райондук сотунун судьясы кемчиликтерди жоюу үчүн ишти Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө кайтаруу жөнүндө чечимин чыгарды.
Элчиликтин өкүлдөрү Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Анда Махбурат Эмилбаева 48 саатка камакка алынганын жана соттук териштирүү жүргүзүү үчүн сотко жеткирилерин ырасташты", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 2-июнда элчиликтин консулдук бөлүмүнө 1988-жылы туулган Кыргыз жараны М.А. кайрылган. Ал Москванын Хамовники районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жана токмоктолгондугу жөнүндө маалымдаган.
Айтылган кабар боюнча полиция кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, Кыргыз жараны анти-террор полициялык иш-чарасынын жүрүшүндө кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
AdylbekB84

10.06.2021. 22:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Александр Ким жүрөтко азамат, канчалаган мигранттарга жардам берип жүрөт!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.