super.kg logo

"Шамбала" тасмасы Испанияда өтө турган кинофестивалга катышат

 

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Испанияда өтө турган Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришти.

Кинофестиваль 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда "Шамбала" киносу толук метраждуу тасмалар бөлүгүндө ат салышат.

Imagine India фестивалы Индия субконтиненти менен Азия, Испания менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Ар жылы улам бир мамлекетте өтүп турат.

Сүйүндүковдун тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

"Шамбала" тасмасы быйыл 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын уткан. Ошондой эле Орусиянын кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон.






Чынгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы "Ника" сыйлыгын жеңип алды

Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: