super.kg logo

Акыркы 4 жылда иштеген балдардын саны 8 миллионго көбөйүп, 160 миллионго жетти

 

Дүйнөдө иштеген балдардын саны акыркы 4 жылда 8 миллион 400 миңге адамга көбөйүп, 160 миллионго жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык эмгек уюму жарыялаган отчётко шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта дүйнө жүзү боюнча ар бир 10-баланын бири жумушчу болуп иштегени жазылган. Оор жумуштарда иштеген 5 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдардын саны 2016-жылдан бери 6 миллион 500 миңге көбөйүп, 79 миллионго жеткен. 2020-жылдын башында дүйнө жүзү боюнча иштеген балдардын 63 миллиону кыз жана 97 миллиону эркек бала болгон.

Былтыр акыркы 20 жылда биринчи жолу балдар эмгегин токтотуу боюнча глобалдык аракеттер жасалган эмес. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан экономикалык көйгөй, мектептердин жабылышы иштеп жаткан балдарга дагы таасирин тийгизип, алардын жумуш убактысынын көбөйүшүнө себеп болгон.

Пандемияга байланыштуу 2022-жылдын аягына чейин жумушчу балдардын саны 9 миллионго көбөйүшү мүмкүн экени эскертилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.06.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачка болсо иштешет да, жемкорлордун, жеп жутаарлардын айынан иштеп журушот темселеп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: