Алматылык окуучу бир учурда дүйнөдөгү төрт алдыңкы искусство окуу жайына чакыруу алды






Алматыдагы физика-математика багытындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу Далес Мынжасар дүйнөнүн төрт алдыңкы көркөм сүрөт колледжине окууга чакыруу алды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Ал Массачусетс искусство жана дизайн колледжинен, Чикагонун искусство институтунан, Ringling искусство жана дизайн колледжинен, Сент-Луис Мадрид университетинен чакыруу алган. Мындан тышкары, Далес дагы эки университеттен чакыруу күтүп жатат.⠀"Сынакка даярдануунун негизги этабы - бул чыгармачыл портфолионун үстүндө иштөө. Бул жаатта кетүү чечимин кечигип кабыл алганыма байланыштуу үч айдын ичинде толук кандуу 25 чыгарманы тартууга туура келди. Ошондой эле мугалимдерим документтерди чогултууда, мотивациялык кат жазууда жардам беришти", - деди Далес ЖМКларга берген маегинде.
Далес өзүнүн чыгармачылыгында экологиялык көйгөйлөргө басым жасап, терең философиялык мааниге ээ сүрөттөрдү жаратып келет. Ошондой эле Мынжасар "көркөм сүрөт искусствосу жана графикалык дизайн" адистигин өздөштүргүсү келет.
Белгилей кетүүчү нерсе, аталган ЖОЖдор бүтүрүүчүнүн ийгилигине жана жетишкендигине негизделген артыкчылык стипендиясын беришет.

