Өлкөдө туристтик милиция ишке киришет






ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Туристтик сезон-2021” ачылышына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жайкы эс алуу мезгилине карата министрлик маалыматтык материалдарды иштеп чыкты. Буклеттер жана стикерлер күч түзүмдөрүнүн ишеним телефондору жана күнү-түнү иштей турган шашылыш жардам жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле туристтердин укуктары жана башка мамлекеттик органдардын байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн. Мындай китепчелерди туристтерге республиканын аймагына кирүүчү негизги пункттарда таратылат.
"Мындан тышкары жол кырсыктарын алдын алуу максатында аймактарда маалыматтык баннерлер илинип, маршруттук каттамдагы коомдук унаалардын айдоочулары жана эл ташуу менен алектенген айдоочулар менен жолугушуп, маектер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле туристтик милициянын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин жана республиканын конокторунун коопсуздугун коргоону камсыз кылат. Кайгуул кызматтары чет өлкөлүк туристтер келген аймактарга коопсуз эс алуу маселелери боюнча консультация берип турат", - деп айтылат маалыматта.

