Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү
Бишкектин Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин "Бишкек унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасы уюштурган муниципалдык унаа токтоочу жай орун алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана буга чейин бардык тиешелүү белгилерди орнотуп койгон, ошондой эле унаа токтоочу жайдын баасы көрсөтүлгөн жана жолдомолор берилет.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төмөнкү көчөлөрдө жайгашкан:
- Бейшеналиева көчөсү Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин;
- Кулиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Токтогул көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Ала-Арча дарыясына чейин;
- Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейин;
- Павлов көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин;
- Суеркулов көчөсү Жукеева-Пудовкин көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Безымянный көчөсүнө чейин;
- Жукеева-Пудовкин көчөсү Безымянный көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
- Орозбеков көчөсү Фере көчөсүнөн Можайский тилкесине чейин;
- Ибраимов көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин (май жана сыр базасы);
- Сүйүмбаев көчөсү Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин;
- Огонбаев көчөсү Гоголь көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;
- Клуб тилкеси (Сары-Озон базары);
- Токотогул – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Исанов көчөсү Чүй кең көчөсүнө Киев көчөсүнө чейин;
- Курманжан Датка көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Славянский көчөсүнө чейин.
Унаа токтотуучу жай муниципалдык экендигин кантип аныктоого болот?
Биринчиден, унаа токтотуучу жай муниципалитетке таандык экендигин көрсөткөн жол белгилери бар. Экинчиден, муниципалдык операторлор "Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары" деген муниципалдык ишкананын, Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилеттерди кийишет жана жанында төш белгилери бар, ошондой эле алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар талон беришет.



1 |