super.kg logo

Министрлик: "Сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган"

 

Сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган. Бул тууралуу 11-июнда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев сугат суунун тартыштыгы боюнча маалымат жыйында айтты.

“Сугат суу маселелерин алдын алуу максатында атайын облустук штаб иш алып барууда. Себеби жергиликтүү дыйкандар өз билемдикке салып, сугат сууну буруп кетишүүдө. Биз атайын сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттарын тактап, атайын лимиттерди орноттук. Штаб мына ушул чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлгө алууда”, - дейт Абдыбай Жайлообаев.

“Сугат тутумдарын оңдоо үчүн мурдагы жылы 296 миллион сом каралган, быйыл бул сумма 163 миллионго чейин кыскарды. Негизи сугат тутумдарынын нормалдуу иштөөсү үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок бюджет аны көтөрө албайт. Акырындык менен система деградацияга учурап жатат", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: